Кирүү | Катталуу

Кыргыз делегациясы Берлиндеги ЕККУнун терроризмге каршы күрөшүү боюнча уюштурулган конференцияга катышты

Кыргыз делегациясы Берлиндеги ЕККУнун терроризмге каршы күрөшүү боюнча уюштурулган конференцияга катышты

2016-жылдын 31-май жана 1-июнь күндөрү ЕККУнун Бишкектеги борборунун эл аралык экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн жардамы менен Германиянын Берлин шаарында өткөн “Терроризмге алып келген зордук-зомбулук, экстремизм жана радикализмди алдын алуу жана каршы күрөшүү” аттуу конференцияга Кыргызстандан барган делегация катышты.

Иш-чарага 350гө жакын дүйнөнүн төрт бурчунан өкүлдөр катышты. Алар: коргоо боюнча эксперттер, окумуштуулар, дин кызматкерлер, атайын кызматкерлер, дипломаттар жана башка ЕККУнун 57 өлкөсүнүн расмий өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жана ЕККУнун шериктеш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын Германиядагы элчисинин кеңешчиси Асхат Рыскулов, Кыргызстан мусулмадарынын дин башкармасынын (КМДБ) башчысы Максатбек ажы Токтомушев, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкери Икбалжан Мирсайитовдор Кыргызстандын атынан катышты.

Кыргыз делегациясынын атынан Н. Кадырбеков сөз сүйлөп, Кыргызстандагы дин кызматкерлеринин иш сапатын жогорулатуу менен экстремизм жана терроризм коркунучун алдын алуудагы уникалдуу тажрыйба тууралуу айтты:

“Кыргыз Республикасынын Президенти жарандардын руханий потенциалын жана диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында “Ыйман” фондун уюштурган. Мамлекттик бюджеттен сырткары топтолгон каражаттар биринчи ирет 2500 мечиттин имамдарын окутууга каржыланат. Өз жамааттары менен түз байланышта болгон имамдар, тынчтыкка жана гумандуулукка үгүттөгөн чыныгы курандын исламын элге түшүндүрө алышат. Исламга толугу менен жалган жалаа жаап жаткан ИГИЛге (Ирак жана Леванттын Ислам мамлекети) каршы маалымат-идеологиялык согушту жеңүү өтө кыйын. 2015-жылдын август айынан баштап 2000-ден ашуун имамдар эки жумалык семинарлардан өтүү. Алардын билим алуусуна жана сабаттуулугун жогорулатууга мотивация болушу үчүн биз аларга ай сайын стипендия төлөйбүз”, - деди.

Кыргыз делегациясы Берлиндеги ЕККУнун терроризмге каршы күрөшүү боюнча уюштурулган конференцияга катышты


Бардык өлкө катышуучулары өздөрүнүн терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, террорист жана радикалдардын катарына аял жана жаштардын азгырылып кетүүсүнүн себептерин, согушта кайтып келген согушкерлердин өз калыбына келишин жана экстремизмге каршы күрөшүү процессиндеги адам укутарын талкуулашты.

Кыргыз делегациясы Берлиндеги ЕККУнун терроризмге каршы күрөшүү боюнча уюштурулган конференцияга катышты


Кыргыз делегациясы Берлиндеги ЕККУнун терроризмге каршы күрөшүү боюнча уюштурулган конференцияга катышты

6-06-2016, 12:54 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top