Кирүү | Катталуу

Ош шаарында жаш ишкерлер үчүн семинар болуп өттү

Ош шаарында жаш ишкерлер үчүн семинар болуп өттү

10-июнь 2016-жыл. “Кыргыз Концепттин” президенти Эмил Уметалиевдин катышуусу менен Ош шаарында жаш ишкерлер жаша активисттер үчүн “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү.

Аталган иш-чара “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында, жаштарды өзүн-өзү өстүрүү, өз алдынча ишке ашыруу жана ишкердиктин жаштар арасында өнүктүрүү максатын көздөп, Ош шаардык Мэриясынын жыйындар-залында өткөрүлдү.

Фонддун Оштогу өкүлү Медер Абдыманапов тренинг тууралуу: “Азыркы базар экономикасынын тез өнүгүп жатканында, жаштарды жогорку деңгээлде даярдоо ар бир өлкөнүн ийгилигинин кепилдиги болуп эсептелинет. Ошол себептен, билимди тереңдетүүгө бизнесмендер менен жолгушууларды жана ар кандай багыттарда бизнес тренингтерди өткөрүү абзел”, - деди.

”Кыргыз Концепттин” президенти Эмил Уметалиев тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаш ишкерлерге пайдалуу кеңешин берди: “Билими бар адам акылдуу эмес, суроону туура берүүнү билген адам акылдуу. Ошондуктан туура багытталган суроо, башкалардан айрымаланган ой жүгүртүү - бизнес куруунун башаты болуп эсептелинет. Ошондой эле келечектин муктаждыгын табуу керек, жана аны жаңы жолдор, багыттар, инновациялык ыкмалар аркылуу аткарыш керек”.

М. Абдыманапов: “Семинардын катышуучулары достук мамиледе, эркин шартта актуалдуу жана өзүнүн кызыккан суроолорун бере алышты. Натыйжасы – алдына бийик максаттарды койгон кадрларды даярдоо. Бүгүн аларга жардам берүү менен эртеңки күндүн өнүгүшүнө кадам таштаганга мүмкүнчүлүк жаралат. Бизнес алып баруунун акысыз курстары – бул кесиптик деңгээлди жогорулатуунун универсалдуу механизми, жана бул сөзсүз түрдө катышуучулардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө, ошентип өлкөнүн да өнүгүүсүнө салым кошуу десек жаңылышпайбыз”, - деп өзүнүн оюн билдирди.

Ош шаарында жаш ишкерлер үчүн семинар болуп өттү


Ош шаарында жаш ишкерлер үчүн семинар болуп өттү


Ош шаарында жаш ишкерлер үчүн семинар болуп өттү


Ош шаарында жаш ишкерлер үчүн семинар болуп өттү

14-06-2016, 17:20 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top