Кирүү | Катталуу

Аскерлерге ооз ачыруу (ифтар) жана маданият кечеси өткөрүлдү

Аскерлерге ооз ачыруу (ифтар) жана маданият кечеси өткөрүлдү

10-июнь 2016-жыл. Тарых жана маданият жылына жана ошондой эле ыйык Рамазан айына карата “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду аскерлер үчүн маданият кечесин жана ифтар (ооз ачыруу) уюштурду. Бул иш-чаралар Бишкек жана Ош шаарларында, имамдар жана маданият ишмерлеринин катышуусу менен өткөрүлдү.

Борбор калаада ооз ачыруу жана маданият кечеси Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын 714-аскер бөлүмүндө болуп өттү. Иш-чарада КР Азирети муфтийинин орун басары Жоробай Шергазиев, “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, белгилүү төкмө акын Баян Акматов жана ырчы Кубаныч Алиев катышышты.

Ош облусундагы болуп өткөн иш чарага КР Мамлекеттик чегара кызматынын 2024-аскер бөлүмүнүн 40 аскери жана облусттук казынын орун басары Нурбек Орозбеков менен “Ыйман” фондунун Оштогу өкүлү Медер Абдыманапов катышышты.

Кечелерде дин кызматкерлери жоокерлерге Рамазан айы, ата-энеге болгон жакшы мамиленин, туугандар менен байланышты бекемдөөнүн, өлкөнүн Мыйзамдарына жана ошондой эле аскер бөлүгүнүн Уставына баш ийүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтып берди: “Эки көз жамандык көрбөйт, анын бири түнү менен уктабастан Мекенин коргоодо турган жоокердин көзү”, - деди Ж .Шергазиев.

Аскерлерге ооз ачыруу (ифтар) жана маданият кечеси өткөрүлдү


“Аскердик кызматтын мааниси абдан чоң. Аскерлерди дайым колдоп турушубуз керек, себеби алар өлкөнү коргоодо алдыңкы катарда турушат. Жана адамдын денеси физикалык көнүгүүлөргө муктаж болгондой эле, руху да руханий көнүгүүлөргө, азыктанууга муктаж. Жана биз бул иш-чара аркылуу аскерлерге бир аз болсо да руханий азык бере алдык деп үмүттөнөбүз. А төкмө-акындар болсо бул кечени майрамдык маанайда өткөзүп, улуттук маданиятты эскертип беришти”, - деди “Ыйман” фондунун төрагасы Н. Кадырбеков.

Аскерлерге ооз ачыруу (ифтар) жана маданият кечеси өткөрүлдү


Аскерлерге ооз ачыруу (ифтар) жана маданият кечеси өткөрүлдү


Аскерлерге ооз ачыруу (ифтар) жана маданият кечеси өткөрүлдү

24-06-2016, 15:40 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top