Кирүү | Катталуу

Ошто “Ыйман” фонду жана ЕККУнун Бишкектеги борбору милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө семинар өткөрүштү

Ошто “Ыйман” фонду жана ЕККУнун Бишкектеги борбору милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө семинар өткөрүштү

2016-жылдын 22-23-июньда Ош шаарында милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө “Заманбап дүйнөдөгү Ислам” атуу семинар өткөрүлдү.

Бул иш-чара “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана ЕККУнун Бишкектеги борбору тарабынан экстремизмди алдын алуу максатында уюштурулду. Анын ачылышында ЕККУнун Бишкектеги борборунун согуш-саясий маселелер боюнча кеңешчиси Юрий Падун жана “Ыйман” фондунун долбоорлорунун координатору Жанаргуль Исакбаева катышты.

Семинарда милиция кызматкерлерине КРдагы Ислам коомчулугу, Ислам багыттары, Жакынкы Чыгыштагы ислам саясий жана экстремисттик кыймылдар жана алардын Борбордук Азияга болгон таасири ж.б.у.с темалар түшүндүрүлдү. Семинарда ОшМУ теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов, ОшМУ теология факультетинин кафедра башчысы Зайлабидин Ажымаматов жана теолог, ага окутуучу Ниязалы Ариповдор лекция окушту.

“Бизге, укук коргоо органдары катары дин маселеси өтө көп талап кылынат. Бул семинарлар калк менен түшүндүрүү иштерин сапаттуу аткарууда пайдалуу болооруна ишенем”, - деди Ош шаардык ИИБ Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү, милициянын ага-лейтенанты Темирлан Кадышев.

27-06-2016, 12:32 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top