Кирүү | Катталуу

Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди

Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди

2016-жылдын 20-июнь күнү “Рамазан Чатыры 2016”нын ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чара “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана “Умма” журналы тарабынан Тарых жана маданият жылына жана ошондой эле Ыйык Рамазан айына карата уюштурулду.

Ооз ачарга келип даам сызган коноктордун жалпы саны 300дүн тегерегинде болду.
“Өлкөнүн күчтүү болуусу үчүн элдибиздин жүрөктөрү биригиш керек. Ыйык Рамазан айы көп сандагы элдерди бир чатыр астында чогултуп жүрөктөрдү бириктиргенин көрсөтүп турат. Аталган иш-чара Тарых жана маданият жылына карата уюштурулгандыгы жана Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгы – бул өзү эле тарых”, - деп “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков белгилеп өттү.

Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков


Чатыр И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы имаратынын алдында тигилди. Анын ачылышында КР Президенинин Аппаратынын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Кубаныч Абакиров, “Ыйман” фондунун башкаруу кеңешинин мүчөсү Жанна Саралаева, КР Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мүдүрүнүн орун басары Закир Чотаев, КР Азирети муфтийинин орун басары Аким Эргешов, КР Пакистан Элчиси Кази Хабиб Ур Рахман, Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Наиф Альраккас, Иран ислам республикасынын КР Элчилигинин өкүлү Мухаммад Пардахтчи, ЖОЖдордун ректорлору, диаспоралардын өкүлдөрү жана майып-балдаыр интернат-үйүнөн келген коноктор катышышты.

Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди

“Ыйман” фондунун башкаруу кеңешинин мүчөсү Жанна Саралаева


Аталган кайрымдуулук акция конфессиялар аралык диалогду, маданияттар аралык байланышты жана кызматташууну өнүктүрүү максатындагы маданий-кайрымдуулук долбоор болуп саналат. Чатыр тигилген соң ичинде ар күнү орозо кармагандар үчүн ооз ачыруу (ифтар) уюштурулат, а коноктор болсо чыгыштын ар түрдүү даамдарын татып, маданий иш-чараларга күбө болушат. Бул күндөр аралыгында маданият, дин жана илим ишмерлеринин катышуусу менен билим, агартуу жана руханий темаларга арналган кечелер да өткөрүлөт.


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди


“Рамазан Чатырынын”ачылышы абдан кызыктуу жана жагымдуу маанайда өттү. Акция кечени кубанычтуу өткөрүүгө, бири бирине жылмайуу тартуулоого мүмкүнчүлүк берди. Бирин бири эч тааныбаган адамдар, ар кандай улуттун өкүлдөрү бир чатырдын астында биригип отурушту. Кийинки кезекти “Эгемен” жаш ишкерлер фондуна тапшырабыз, андан соң “Умма” журналына, ошентип Рамазандын аягына чейин уланат. Башында “Рамазан Чатырын” 20-30 июнь аралыгында 10 күн өткөрөбүз деп пландаганбыз, бирок ачылышына чакырылган коноктордун кээ бири, майрамдык атмосфераны жана иш-чаранын масштабын көрүп, өздөрү да ооз-ачыруу аземине катышуу тилектерин билдиришти жана акцияны орозонун аягына чейин улантууну суранышты. Ошентип, биз “Рамазан Чатыры 2016”ны 4-июлга чейин узарттык”, деди “Ыйман” фондунун долбоорлорунун координатору Муртаза Жолдошов.

Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди

"Умма" журналынын башкы редактору Элиана Сатарова


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди

КР Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мүдүрүнүн орун басары Закир Чотаев Закир Чотаев


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди

КР Пакистан Элчиси Кази Хабиб Ур Рахман


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди

Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Наиф Альраккас


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди

"Манас" кыргыз-түрк университетинин ректороу Себахаттин Балжы


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди


Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди

25-06-2016, 10:56 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top