Кирүү | Катталуу

Диний маданиятты өнүктүрүү “Ыйман” фондунун жетекчиси “Элистан” балалык борборуна барып келди

Диний маданиятты өнүктүрүү “Ыйман” фондунун жетекчиси “Элистан” балалык борборуна барып келди

Жаңы окуу жылдын башталышына карата диний маданиятты өнүктүрүү “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков “Элистан” балалык борборуна барып келди.

Жолугушуу учурунда диний маданиятты өнүктүрүү “Ыйман” фонду балдар борборунун тарбиялануучуларына руханий жана интеллектуалдык жактан билим берүүгө көмөк көрсөтүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

“Азыркы заманда адамдык ресурс эң баалуу, ошондуктан буга өзгөчө маани берүүбүз керек, өзгөчө инсан үчүн руханий, интеллектуалдык жана физикалык тарбия алуусу зарыл.”,-деп кошумчалады Нуржигит Кадырбеков. Мындан сырткары балдар үйүнө фонд тараптан китептер белекке берилди.

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары келген конокторду концерттик программа менен тосуп алышып таланттарын көргөзүштү.

“Элистан” балалык борбору ишмердүүлүгүн 2008-жылдан бери жүргүзүп келет жана Кыргызстандын ар тарабынан келген 40 бала тарбияланат.

14-09-2016, 10:13 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top