Кирүү | Катталуу

“Ыйман” фонду жаштар арасындагы радикалдык жана экстремисстик идеологияны таратууга каршы

“Ыйман” фонду жаштар арасындагы радикалдык жана экстремисстик идеологияны таратууга каршы

Жаштар арасындагы радикалдык жана экстремисстик агымдарды таратууну алдын алуу максатында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду альтернатива катары “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорун кайрадан активдештирди. Долбоордун алкагында ар кандай тармактагы ийгиликке жетишкен инсандар менен жаштар ортосунда тематикалык, интеллектуалдык жолугушуулар өткөрүлүп турат.

Биринчи семинарда “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков “Бирөө гана” темасында жаш мекендештерге руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүүгө, жоопкерчиликтүү жаран болууга чакырды.

Семинардын жүрүшүндө Нуржигит Кадырбеков жашоодогу илим менен ыймандын айкалышы жана адам өзүн өнүктүрүү үстүндө дайым иштеши зарыл экендиги тууралуу кеп курду. “Адам эч качан ордунда турбайт, же бийиктикке умтулат болбосо ылдыйды көздөй кете берет. Андыктан изденүү зарыл. Жан дүйнөнүн азыгы – ыйман, акылдын азыгы – илим. Эгерде экөөнүн бирин гана четке кага турган болсок бактылуу болушубуз күмөн. Дүйнөдө Кыргызстан бирөө гана, Ысык-Көл, Теңир-Тоо, Сулайман-Тоо, Кароол-Чоку, Айгүл-Тоо, Сары-Челек, Сары-Өзон, Манас Ата, Айтматов… булардын бардыгы дүйнөдө жалгыз. Биздин мекенибизди өнүктүрүү үчүн сапаттуу адамдык ресурс керек. Кен байлык бир күнү түгөнөт, алардын айынан чыр-чатак дайыма болуп турат. Ал эми интеллектуалдык байлык көбөйөт, бирок түгөнбөйт. Ошондуктан билим алууга, ыйманды байытууга болгон аракетибизди жумшайлы.”,-деди Кадырбеков.

Семинардын аягында бир тасманын каарманынын “Болсо чогуу бийиктикке барабыз, болбосо жалгыздап жүрүп жок болобуз” деген сөзүн айтуу менен Нуржигит Кадырбеков жаштарды биримдикке чакырды.

Мындан ары “Ыйман” фонду бүткүл республика боюнча деструктивдүү экстремизмге каршы альтернативдик идеология катары “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында семинарларды уюштурат.

30-09-2016, 14:39 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top