Кирүү | Катталуу

Аким ажы Эргешов: “Улуттук маданият менен дин бири-бирине каршы келбейт”

Аким ажы Эргешов: “Улуттук маданият менен дин бири-бирине каршы келбейт”

“Улуттук маданият, илим жана дин ” долбоорунун алкагында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргызстан дин башкармалыгы менен биргеликте Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери үчүн “Маданият жана дин” аталышындагы Кыргызстан муфтийинин орун басары Аким ажы Эргешов катышкан семинар өткөрдү.

Аким Ажы Эргешов семинардын жүрүшүндө кыргыз маданияты менен ислам дини бири-бирине каршы келбестен, тескерисинче толуктап турат деди. “Илгертен кыргыздарда бала ата-энесин таштап кеткен, кичүүлөрдүн улууларга сый мамиле кылбаган, улуулар кичүүнү ызаттабаган көрүнүш болгон эмес жана тамактануу, улуулардын жана үй бүлөңөрдүн арасындагы жүрүм-турум этикасын мыкты билесиңер. Кыргыздарда кеп маданияты, адеп-ахлак нормалары, кийинүү адеби бар. Эгер мен ислам динин тутунсам, автоматтык түрдө башка улутка айланып калбайм. Диний ишеничибизге карабастан биз кыргыз бойдон калабыз, анткени кыргыз маданияты, жүрүм-турум нормалары ислам дининдеги нормаларга окошош.”,- деди Эргешов.

“Улуттук маданият, илим жана дин” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар Тарых жана маданият жылына карата уюштурулат. Долбоор жаштар арасындагы улуттук маданиятты изилдөө менен бирге, интеллектуалдык потенциалын көтөрүүгө, диний сабаттуулукту жогорулатууга багытталган.

5-10-2016, 14:26 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top