Кирүү | Катталуу

«ЖИНДИ ЖЕТЕКЧИ» жана «ЭНЕ» тасмалары Ошто көргөзүлдү

«ЖИНДИ ЖЕТЕКЧИ» жана  «ЭНЕ» тасмалары Ошто көргөзүлдү

“Жинди жетекчи” жана “Эне” кыска метраждуу тасмаларынын бет ачары Ош шаарында да болуп өттү. Тасмалар “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун “Медиа мейкиндик” долбоору алкагында тартылган. Долбоор экстремисстик жана радикалдык идеологияга каршы дүйнөлүк маданияттын салттарын жана сергек жашоо образын пропагандалоону максат кылат.

Маараке Ош мамлекеттик университетинде болуп, фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Кадырбеков азыркы учурдагы фонддун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип жана "Медиа мейкиндик" долбоорунун алкагында бир канча тарбиялык маанидеги видеороликтердин даярдалып жаткандыгы тууралуу кабарлады.

“Бул тасмаларды интернетке жүктөө менен чектелбешибиз керек. Бизде "Волонтердук дух" деген болуусу зарыл. Алыскы аймактарга жеткирүүгө чогуу аракет жасайлы. Анан тасмаларды көрүп, бул жерден чыккан соң сөзсүз түрдө апаңарга чалып "Апа, мен сизди жакшы көрөм" деп айткыла. Башка адамдарга "жакшы көрөм" деп айтуу оңой бирок, апага келгенде айтуу өтө оордой”,- деди Н. Кадырбеков.

Көрсөтүүдөн кийин тартылган тасмалар тууралуу көрүүчүлөр ой-пикирлерин айтып, талкуулап, сунуштар айтылды. Көрүүчүлөр: “Бул тасманы өзүмө эскертүү катары кабыл алдым. Чындыгында актерлор аябай мыкты ойношуптур” деген пикирлерин билдиришти.

5-10-2016, 16:23 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top