"Ыйман" фонду "Келечек+" жаштар гезити менен кызматташат

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков "Келечек+" жаштар гезитинин башкы редактору Кубанычбек Баялиев менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болду. "Келечек+" жаштар гезитинин ишмердүүлүгү окуучулардын жана өспүрүмдөрдүн билим деңгээлин жогорулатууга, руханий азык, таалим-тарбия берүүгө багытталат жана бүткүл республиканын аймагына таркатылат. Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн инсандык өнүгүүгө арналган ар кандай тренинг, семинарларды уюштуруп келет.
Жолугушуунун жүрүшүндө "Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагындагы иш-чараларды биргеликте өткөрүү пландалды, анын негизинде “Ыйман” фонду “Келечек +” гезитинин редакциясы менен биргеликте Бишкек шаарындагы № 84 Ж. Садыков атындагы мектепте “Таймменеджмент” аттуу семинар уюштуруп, мектеп окуучуларына убакытты туура колдонуунун жана бөлүштүрүүнүн методдорун айтып берди . Мындан сырткары окуучуларга “Медиа мейкиндик” долбоору алкагында жарык көргөн “Эне” аттуу тасмасы көргөзүлдү.

13-10-2016, 12:47 | Категория - Жаңылыктар |
Окшош макалалар:
ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:
АРХИВ
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
---|---|---|---|---|---|---|
АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР: