Кирүү | Катталуу

"Исламдагы аялдын ролу жана орду" - айымдар үчүн семинар


“2016-жыл Тарых жана маданият» жылына карата "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун "Улуттук маданият, илим жана руханият" долбоорунун алкагында Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарында "Исламдагы аялдын ролу жана орду" темасында атайын аялдар үчүн семинарлар уюштурулуп, өткөрүлдү.

Семинарда облус казысы Самидин кары Атабаев “Үй-бүлө куруунун маңызы жана максаты (аялдын ролу)” аталышында лекция окуп, Ислам баалуулуктарынын негизинде үй-бүлөдө аялдын жана эненин орду кандай экендигин айтып берди. Мындан сырткары үй-бүлөнүн бекем, туруктуу сакталуусунда жана уул-кыздарга туура тарбия берүүдөө аялдын милдеттерин түшүндүрдү.

Семинарлар Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Баткен облусунун казысы Султанмуратов Пазыл ажы жана анын орун басары Кожояров Каразак, Жалал-абад облусунун мусулмандар казысы Закиров Абдилазиз кары, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун түштүк аймактык координатору Айбек Султан уулу, райондордун жетекчилери жана баш имам хатибтеринин катышуусунда өттү.

"Исламдагы аялдын ролу жана орду" - айымдар үчүн семинар


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучу аялдар тарабынан чакан талкуу жүргүзүлүп, андан соң берилген суроолорго казы жооп берди.
Ошондой эле семинарларга Ош облустук казыятынын аялдар менен иш алып баруу боюнча адиси Жамила Жапашова да катышып, мындай семинарлар диндеги аялдын орду тууралуу туура маалымат берип, коом, мамлекет ичиндеги аялдын статусун жана ордун жогорулатууга көмөк берет деген пикирин билдирди.

"Исламдагы аялдын ролу жана орду" - айымдар үчүн семинар

26-10-2016, 11:35 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top