Кирүү | Катталуу

«Ыйман» Фонду “Кун Фу Зы" китебинин бет ачаарына чакырат.

«Ыйман»  Фонду “Кун Фу Зы

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду “Калем жана Ыйман” долбоорунун алкагында кыргыз тилине которулган “Кун Фу Зы” (Конфуций) китебинин бет ачаарына чакырат. Китепте Конфуцийдин өмүр таржымалы кыскача берилип, адамгерчилик, айкөлдүк, бийлик, салт-санаа, нарк-насил, илим-билим, ажал, достук, милдет, маданият, тарых ж.б. тууралуу айткан айрым накыл кептери, орошон ойлору камтылган бул китеп - адамдын акыл сересинин бийиктигине жетелейт. Көркөм жана жатык тил менен эркин кыргызчаланган бул эмгек - терең мааниси, кызыктуу мазмуну менен окурмандарды өзүнө тартып, жан дүйнөсүнө күл азык болот. Китептин түзүүчүсү публицист жана журналсит Эрнис Асек уулу.
15-ноябрь саат 14.00дө КРнын Президентине караштуу башкаруу академиясынын жыйындар залында.

Иш чарага чакырылган коноктор: президенттин жана өкмөттүн аппарытынын өкүлү, илимдер академиясынын төрагасы А.Акматалиев "Мурас" фондунун төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин, кыргыз тил комиссиясынын төрагасы Э.Эрматов, жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов ж.б.

Конфуцийдин айткандары, негиздеген жана тараткан окуусу, орошон осуяттары кылымга, адамзатка руханий азык жана дөөлөт катары кызмат кылып келет. Конфуций - дүйнөлүк даанышмандардын жана ойчулдардын бири. Кыргыз окурмандары да анын кеп-кеңешинен руханий азык алат деген ишеничтемин. Китеп жөнөкөй, жатык тил менен жазылып, окурмандарды өзүнө бат тартып алат.

Бул китеп чыгаруу долбоору Тарых жана маданият жылына арналып, тарыхый инсан Конфуцийдин даанышмандык ойлору адамзаттын руханий маданиятынын көрөңгөсүн байытууга арналат.

11-11-2016, 11:27 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top