Кирүү | Катталуу

Н.Кадырбеков: “Кыргызстандын эң чоң ресурсу - бул адам.

Н.Кадырбеков: “Кыргызстандын эң чоң ресурсу - бул адам.

Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду “Нама” фонду, “Ала-Тоо” өнүктүрүү борбору, Кыргыз Республикасынын Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана “Талас облустук жаштар кеңеши" коомдук бирикмеси менен биргеликте “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында Талас шаарынын студенттери жана мектеп окуучулары менен жолугушуу болду.

Бул долбоордун алкагында окуучулар үчүн “Адам ыйманы, адеби менен баалуу”, “Кесип тандоо”, “Максат коюу жана ага жетүү”, “Убакытты туура бөлүштүрүү” темаларында Манас, Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата райондук борборлорунда ар бир райондон орточо эсеп менен 100-150, облус боюнча жалпысынан 500 окуучуга семинар-тренингдер өтүлдү. Мектеп окуучулары семинардын башында жана аягында атайын жүргүзүлгөн анкетага семинар: “абдан жакты”, “дагы өтүлүүсүн каалайм”, “жакшы жакка өзгөрүүмө себеп болду” деген аныктамаларды белгилешкен. Ушул сыяктуу эң керектүү семинарлар өлкөнүн калган аймактарында да улантылмакчы.

Н.Кадырбеков: “Кыргызстандын эң чоң ресурсу - бул адам.


“Семинарлардын эң кызыктуу бөлүгү белгилүү акын-жазуучу, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Карбалас Бакиров менен окуучулардын жолугушуусу болду. Ал өз өмүр-чыгармачылыгына улай “ыйман, адеп” темаларында кеп куруп берди. Келечек ээлеринин мындай залкар инсан менен жолугушуусу өз көрөңгөлөрүн байытууга зор себеп болду десек жаңылышпайбыз”, - деп “Ыйман” фондунун өкүлү Аязбек Атамкулов билдирди.

Н.Кадырбеков: “Кыргызстандын эң чоң ресурсу - бул адам.


Белгилей кетсек, бул долбоорду демилгелеген “Ыйман” фондунун жетекчиси Н.Кадырбеков: “Кыргызстандын эң чоң ресурсу - бул адам. Инсандар ар тараптуу өнүгүүсү керек. Ан үчүн Кыргызстандагы ар бир аймактарга барып жаштар менен жолугуп, аларга жол көрсөтүүсү шарт. А биз бул үчүн шарттарды түзүп бергенге аракет жасайбыз,” – деп билдирет.
Н.Кадырбеков: “Кыргызстандын эң чоң ресурсу - бул адам.

2-05-2017, 13:49 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top