Кирүү | Катталуу

“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун 2017-жылдын 18-24-май аралыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жасаган иш сапары тууралуу МААЛЫМАТ-ОТЧЕТ

18-19-май, 2017-жыл. Жалал-Абад шаарында “Ыйман” фонду менен УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы биргеликте жаштар менен радикализмге, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 4 семинар өткөрдү. 18-майда ЖАМУда, Экономика жана ишкердик университетинде, 19-майда Эл аралык университетте жана ЖАМУда жаштар, мугалимдер менен жолугушуулар өттү. “Ыйман” фондунун атынан “Улуттук маданият жана дин” темасында Нуржигит Кадырбеков, “Исламдагы агымдар” темасына теолог Зайлабидин Ажыматов маалымат берип, сабак өтүштү.

21-май, 2017-жыл. Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылындагы мечиттин ачылуу аземине “Ыйман” фондунун төрагасы Н. Кадырбеков Кыргызстандын азирети муфтийи М. Токтомушев менен биргеликте катышты. Ал мечиттин алдындагы заманбап окуу кааналарында имамдарды окутууну уюштуруу маселеси да талкууланды.

“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун 2017-жылдын 18-24-май аралыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жасаган иш сапары тууралуу МААЛЫМАТ-ОТЧЕТ

22-май, 2017-жыл. Ош облусунун Чоңалай районун Чак айылында “Интеллекуталдык инвестиция” долбоорунун алкагында мектеп директорлору, ата-энелер жана мектеп окуучулары үчүн тематикалык семинарлар болуп өттү. Семинардын спикерлери “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков жана педагог, төкмө акын Идирис Айтибаев болушту.

“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун 2017-жылдын 18-24-май аралыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жасаган иш сапары тууралуу МААЛЫМАТ-ОТЧЕТ

“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун 2017-жылдын 18-24-май аралыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жасаган иш сапары тууралуу МААЛЫМАТ-ОТЧЕТ

23-май, 2017-жыл. Баткен облусунун Кадамжай районунда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата “Ыйман” фондунун көмөгү менен өткөрүлгөн, фонддун өнөктөшү, “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун катышуучусу акын Э. Эрматовдун элесине арналган поэзия фестивалына “Ыйман” фондунун төрагасы Н. Кадырбеков катышып, сөз сүйлөдү.
- Н. Кадырбеков о.э. Ош шаарында, ОшТУнун базасында“Система+” коомдук фондунун алдындагы ишкерлер мектебинин студенттерине адеп темасында семинар өттү.
“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун 2017-жылдын 18-24-май аралыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жасаган иш сапары тууралуу МААЛЫМАТ-ОТЧЕТ

“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун 2017-жылдын 18-24-май аралыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жасаган иш сапары тууралуу МААЛЫМАТ-ОТЧЕТ

24-май. 2017-жыл. ОшТВ телеканалында “Ыйман” фондунун төрагасы Н. Кадырбеков менен акын Карбалас Бакиров “Ыйман” фондунун Ыйман, адеп жана маданият жылына карата мерчемделген иштери тууралуу маек курду.
- Ош облусунун Кара-Кулжа районунда “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында, Ыйман, адеп жана маданият жылына карата белгилүү акындар Надырбек Алымбеков, Карбалас Бакиров, обончу, акын Маматибраим Бостонкулов жана “Ыйман” фондунун төрагасы Н. Кадырбеков менен райондогу мектептерден келген мугалимдер, окуучулар менен жолугушуп, рухий дил маек орун алды.

“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун 2017-жылдын 18-24-май аралыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жасаган иш сапары тууралуу МААЛЫМАТ-ОТЧЕТ
“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун 2017-жылдын 18-24-май аралыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жасаган иш сапары тууралуу МААЛЫМАТ-ОТЧЕТ

26-05-2017, 17:07 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 
АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top