Кирүү | Катталуу

“Чыгыштын чырактары” жана “Ислам агымдарынын тарыхы” китептеринин бет ачаары

“Чыгыштын чырактары” жана “Ислам агымдарынын тарыхы” китептеринин бет ачаары

Улуттук илимдер академиясында “Ыйман” фонду “Калем жана Ыйман” долбоорунун алкагында адамдардын руханий жактан байытуу, окурмандардын ыймандуулугун көтөрүүгө өбөлгө түзүү ирээтинде “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата кезектеги “Чыгыштын чырактары” жана “Ислам агымдары тарыхы” китептеринин бет ачаарын өткөрдү.

“Чыгыштын чырактары” жыйнагын белгилүү котормочу Кубанычбек Басылбеков которду. Китеп жыйнагына дүйнөлүк индиялык классик акын Валлюранын “Тирикурал” (VI-VII - к), орто кылымдагы фарси тилинде жазылган белгисиз акындардын чыгармалары жана ошондой эле өзбектердин, түркмөндөрдүн, дагестандын, кабардин-балкандардын акылман ойлору ырларда чагылдырылган.

“Чыгыштын чырактары” жана “Ислам агымдарынын тарыхы” китептеринин бет ачаары

“Чыгыштын чырактары” жана “Ислам агымдарынын тарыхы” китептеринин бет ачаары


“Биз көптөгөн адам баалуулуктар, адеп-ахлак, руханий байлыктар камтылган чыгармаларга бай китептерди чыгардык. Мисалы бир чыны бал алыш үчүн миңдеген аарылар аракет менен чогултушат. Ошондой эле адам баласы да өзүнө руханий жактан байытуу үчүн ар тараптан пайдалуу нерселерди чогултуш керек. Бул иш аракеттер бир гана өзүбүздүн эл үчүн”, - деп фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков айтты.

“Чыгыштын чырактары” жана “Ислам агымдарынын тарыхы” китептеринин бет ачаары


“Ислам агымдары тарыхы” китеби ислам динидеги агымдарды окуп таанууга багытталган. Китептин автору белгилүү теолог, теология илимдеринин доктору Бакыт Мурзараимов. Китеп жатык тил менен Ислам динидеги туура жолдогу жана туура эмес жолдогу агымдар, алардын пайда болууу жана жайылуу себептери тууралуу кенен – кесири маалымат берилген.

“Чыгыштын чырактары” жана “Ислам агымдарынын тарыхы” китептеринин бет ачаары


“Ислам динин кеңейип, дүйнөгө таралышы менен бир топ маселелер келип чыккан. Баарына маалым болгондой, туура эмес жолго түшкөн уюмдардын (жамааттар) аркасынан диний билими төмөн жарандар аралашып кетип жатат. Биздин өлкөбүздө бул багытта кеңири маалыматтар жок болгондуктан, кандайдыр бир уюмду (жамаатты) чыныгы мусулман деп түшүнүп,аларды ээрчип, туура эмес жолго түшүп калгандар жок эмес. Мына ушундай нерселерден алыс болуп, чыныгы Исламга багыт берет деген үмүттө бул китепче даярдалды”,- деп китептин автору белгилей кетти.

“Чыгыштын чырактары” жана “Ислам агымдарынын тарыхы” китептеринин бет ачаары


Эске сала кетсек, “Ыйман” фонду “Калем жана ыйман” долбоорунун алкагында китептерди байма-бай чыгарып келет. Буга чейин бир нече китептер жарыкка чыккан. Мисалга ала кетсек, “Улуу Имам абу ханифа”, “Табигат сырлары”, “Калем жана Ыйман” жыйнагы, “Имам матуриди”, “Ыйман жарчылары”, “Кун фу зы”, “Тынчтыктын жарчылары”.

“Чыгыштын чырактары” жана “Ислам агымдарынын тарыхы” китептеринин бет ачаары

“Чыгыштын чырактары” жана “Ислам агымдарынын тарыхы” китептеринин бет ачаары

16-06-2017, 10:52 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top