Кирүү | Катталуу

“Башкасын билбейм, ата менен эненин батасын алалы...”

“Башкасын билбейм, ата менен эненин батасын алалы...”

Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде КРнын Ички Иштер министрлигинин Академиясында “Ыйман” диний маданиятты фондунун төрагасы курсанттар менен жолукту.

“Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында өткөн жолугушууну Академиянын Социалдык иштерди уюштуруу жана жалпы маалыматтык каражаттар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Афтандил Камчыбекович ачып берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нуржигит Кадырбеков курсанттарга “Ата-энем - бейишим” деген темада сөз сүйлөп, келечектеги укук коргоочуларга өз кесибин мыкты билүү менен ата-энелерин сыйлоо, кадырына жетүү аркылуу коомго үлгүлүү инсандардан болууга чакырды.

“Ата-энебиздин көңүлүн көтөрүп койсок эле канчалык чоң жакшылык кылган болобуз. Аларды капа кылбайлы. Көңүлдөрүн түшүрүп коюу канчалык чоң күнөө. Ошон үчүн жылдыз болуп жаналы, алыстарга баралы. Башкасын билбейм, арманда калбайлы, ата менен эненин батасын алалы”-деген насаатын айтып өттү.

Ошондой эле катышуучуларга “Ыйман” фондунун тарбиялык видеороликтеринен көрсөтүлдү.

3-05-2018, 15:51 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Май 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top