Кирүү | Катталуу

Замир Турсунбеков: "Экстремизм-бул жалпылап күрөшүүнү талап кылган көйгөй". Баткен согушунун ардагерлери үчүн семинар

Замир Турсунбеков:

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду 19-июнда, Баткен согушунун ардагерлер кеңеши менен биргеликте, 2014-2020-жылдар аралыгына кабыл алынган Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик концепцияны ишке ашыруу максатында «Негизги диний агымдар, илим жана исламий аргументтер аркылуу радикализмди алдын алуу» аттуу семинар уюштурду. Ушул эле семинар буга чейин Баткен жана Талас облустарында уюштурулган.

Замир Турсунбеков: "Экстремизм-бул жалпылап күрөшүүнү талап кылган көйгөй". Баткен согушунун ардагерлери үчүн семинар


Бишкек шаарында уюштурулган семинарга Баткен согушунун 30 ардагери катышты. Ардагерлердин айрымдары азыркы учурда Күч түзүмдөрүндө жана билим берүү тармагында эмгектенишет. Семинардын жүрүшүндө ардагерлерге: Дин иштери боюнча комиссиянын, ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын, КМШ өлкөлөрү аралык Террорго каршы күрөшүү борборунун жана КТ "Манас" университетинин Теология факультетинин адистери лекция окуду.

Замир Турсунбеков: "Экстремизм-бул жалпылап күрөшүүнү талап кылган көйгөй". Баткен согушунун ардагерлери үчүн семинар


- Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия "Ыйман" фонду менен биргеликте түшүндүрүү,экстремизмди алдын алуу максатында мындай профилактикалык иш чараларды дайыма өткөрүп келет. Мамлекеттик башка органдардын да иш чарага катышып, салымын кошуп жаткандыгы абдан жакшы. Экстремизм-бул жалпылап күрөшүүнү талап кылган көйгөй. Ошондуктан ИИМдин да, Теолог окумуштуулар, Террорго каршы күрөшүү кызматынын да катышып жатканы жакшы көрүнүш,- деди ДИМКнын талдоо бөлүмүнүн адиси Замир Турсунбеков.

Замир Турсунбеков: "Экстремизм-бул жалпылап күрөшүүнү талап кылган көйгөй". Баткен согушунун ардагерлери үчүн семинар


"Ыйман" фонду Баткен согушунун ардагерлер кеңеши менен 3 жалдан бери кызматташып келүүдө. Кызматташуунун алкагында эк жүзгө жакын ардагерлер окууларга катышып, сертификат алды. Ардагерлер азыркы учурда өздөрү жашаган аймакта, мекеме, окуу жайларда экстремизм жана радикализмди алдын алуу максатында уюштурулган түшүндүрүү иштеринде активдүү катышып келүүдө.

Замир Турсунбеков: "Экстремизм-бул жалпылап күрөшүүнү талап кылган көйгөй". Баткен согушунун ардагерлери үчүн семинар

20-06-2018, 20:27 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Август 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top