Кирүү | Катталуу

“Ыйман” фонду жана Катар кайрымдуулук уюму кызматташуу тууралуу келишимге кол койду

“Ыйман” фонду жана Катар кайрымдуулук уюму кызматташуу тууралуу келишимге кол койду

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана Катар кайрымдуулук уюму кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду.
2018-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында Катар кайрымдуулук уюмунун башчысы Саид Мустафа Асситтий жана фонддун төрагасы Нуржигит Кадырбеков заманбап талаптарга жооп берген басмакана салуу үчүн техникалык жардам көрсөтүү тууралуу гранттык келишимге кол коюшту.

“Ыйман” фонду жана Катар кайрымдуулук уюму кызматташуу тууралуу келишимге кол койду


Басмакананы ачуу - эки тараптын тең алгачкы биргелешкен иши жана мындан аркы узак мөөнөттүү кызматташуусуна негиз болгон долбоор. Кайтарымсыз грант фонддун финансылык туруктуулугун бекмедөөгө көмөк көрсөтүү максатында берилүүдө. Басманканын ишмердигинен түшкөн каражат фонддун өнүгүшүнө жана жарандардын руханий, интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоого, диний сабырдуулук, диний экстремизмдин пайда болушуна каршылык көрсөтүүчү натыйжалуу ыкмаларды иштеп чыгуу жана ошону менен мамлекетке көмөк көрсөтүүгө багытталат.

“Ыйман” фонду жана Катар кайрымдуулук уюму кызматташуу тууралуу келишимге кол койду


“Фонд кыска убакыттын ичинде жакшы жыйынтыктарга жетише алды. Кыргызстанда жогорку интеллектуалдуу, коомдун маданияттуу жана руханий өнүгүшүнө, экстремизм жана радикализм идеологиясынан эркин болууга, өлкөнүн маданият баалуулуктарына, жогорку адеп – ахлактын негизделишине кичине болсо да өзүбүздүн салымыбызды коштук деп абдан үмүттөнөбүз. Катар уюму тарабынан техникалык жардам катары берилген грант биздин ишмердүүлүктө алгачкы долбоорлордун бири, болгондо да абдан чоң - 500 000 АКШ доллары. Өз иретинде бул каражат фонддун туруктуу иштешине багытталган. Бул каражат эффективдүү колдонулушуна бардык күч аракеттерибизди жумшайбыз”, - деп фонддун төрагасы Нуржигит Кадырбеков билдирди.

“Ыйман” фонду жана Катар кайрымдуулук уюму кызматташуу тууралуу келишимге кол койду


Расмий гранттык макулдашууга кол коюу аземинде фонддун жетекчиси Катар тарапка көрсөтүлгөн жардам үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, мындан ары өз ара бекем кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

“Ыйман” фонду жана Катар кайрымдуулук уюму кызматташуу тууралуу келишимге кол койду


Катар кайрымдуулук уюму өз ишмердүүлүн Кыргызстанда 6 жылдан бери жеке өнөктөштөрү аркылуу жүргүзүп келген. Ал эми өзүнүн расмий кеңсесинин ачылышынан киийн билим берүү, саламаттык сактоо жана калктын аярлуу катмараларына көмөк көрсөтүү багытында ишмердигин тынбай жүргүзүүдө. Мындан тышкары Катар кайрымдуулук фондунун каржылык көмөгү менен өлкө аймагында 8 ФАП салынган, ал эми турак-жайы жок 4 үй-бүлөгө үй курулуп берилген. Ошондой эле, фонд тарабынан 2000 жетим бала ай сайын жөлөк пул алып турат.

“Ыйман” фонду жана Катар кайрымдуулук уюму кызматташуу тууралуу келишимге кол койду


Өз кезегинде Катар кайрымдуулук уюмунун өкүлү Саид Мустафа Асситтий “Ыйман” фондунун мындан ары руханий-интеллектуалдык жаатында активдүү иш алып баруусун жана бул багытта кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

“Ыйман” фонду жана Катар кайрымдуулук уюму кызматташуу тууралуу келишимге кол койду

17-07-2018, 14:46 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Август 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top