Кирүү | Катталуу

Балапан уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат

Балапан уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат

Калктын 50%ынаялдар түзсө да, алар калган 50% ына таасирин тийгизээри анык. Үй-бүлө коомдун эң кичине бөлүгү болсо, ошол бөлүктүн эң таасирдүүсү аял болуп саналат. Аялдын караңгы же билимдүү болуусу, үй-бүлөнүн да, бүткүл коомдун да караңгы же билимдүү болуусуна жол ачат. Эң негизгиси адеп-ахлактуулук, адамгерчилик, адилеттүүлүк сыяктуу адамдык асыл сапаттардын пайдубалы үй-бүлөдө бекемделет.Учурда калктын динге болгон кызыгуусу күчөп жатканы, жада калса айрым туура эмес агымдарга берилип кетип, динге да, коомго жана адамдын табиятына да сокку уруучу аракеттерге баруулары дин жөнүндө туура маалымат берүүнүн зарылдыгын көрсөтүп турат. Дин жөнүндө туура, ишенимдүү булактардан үйрөтүү үчүн бул багытта мамлекет тарабынан даярдалган адистер менен иштешүү жана социалдашуунун башаты болгон үй-бүлөдөгү тарбиялоочу энелерди окутуу учурдун талабы.

«Ыйман» фондунун «Эне аман - бала аман, эл аман» долбоорунун алкагында 19-21-июль күндөрү теолог жана диний билимдүү айымдарга багытталган алгачкы семинар Ош шаарында ОшМУнун теология факультетиндеболуп өттү. Долбоор тууралуу «Ыйман» фондунун төрөгасы Н.Кадырбеков:«Аялдардын диний сабаттуулугу алардын өздөрүнүн гана эмес, алардын үй-бүлөсүнүн жана балдарынын да радикализм жана экстремизмден коопсуз экенин билдирет. Буга чейин балдарын динди туура эмес түшүнүп Сирияга жибергендерге күбө болдук. Семинарга катышууну каалагандардын саны көп болду. Катышуучуларды диний жана светтик жогорку билимдүү болуу критерийинин негизинде тандап алдык. Буга чейин имамдарды окуткан болсок, эми аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу көйгөйлөрдү чечүүдө комплекстүү мүмкүнчүлүк берет»,- деди.

Балапан уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат


Семинарга Талас шаарынан катышкан Чет тилдер кыздар медресесинин мүдүрү Жееналиева Назима:«Аталган долбоордун алкагындагы семинарга өлкөнүн бардык аймактарынан келип катышуусу өтө жакшы болду. Аялдардын диний сабаттуулугу коомдун өзгөрүүсүндө чоң роль ойнойт. Анткени, үйдө аял сабаттуу, билимдүү болсо балдары да сабаттуу болуп өсөт. Семинардын өлкөдөгү ар башка аймактан келген айымдар өз ара таанышып тажрыйбаларыбызды жана алдыга койгон пландарыбызды бөлүштүк. 2018-аймактарды өнүктүрүү жылына карата аймактардагы аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбоорун уюштурган ДИМК, КМДБ жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондуна терең ыраазычылык билдирем», - деди. Теолог Жороева Жамила: «Бул долбоор мен үчүн өтө маанилүүжана кызыктуу болду. Семинар аркылуу айымдардын диний билим денгээлин жогорулатуу, диний кырдаалдын позитивдүү багытта өнүгүүсүнө салым кошот деген ойдомун. Бул семинар бизге Ислам дининин өкүмдөрү жана негизги принциптеринин түпкү максаты адамдын бул дүйнөдө жана Акыретте бактылуу болуусунун жолун жөнөкөй ыкмалар менен үйрөтүүү экенин дагы бир жолу түшүндүрдү.» деди.

Балапан уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат


«Ислам дининин алгачкы буйругу «Оку!» экенине жана илим тарыхында орду чоң Беруни, Фараби, Ибн Сина сыяктуу аалымдарды чыгарган мусулман коомчулугунан илимпоздор чыкканына карабай бүгүнкү мусулмандар жашаган коомдо илимпоздор чыкпай жатканынын себептеринин бири ата-энелердин илимге, китеп окууга маани бербөөсү. Тарыхка карай турган болсок, илимпоздордун ата-энелери илим менен алектенген, балдарынын илим алуусу үчүн кам көргөн же аалымдар жашаган чөйрөдө жашоосуна шарт түзгөн. Илим менен жуурулушкан үй-бүлөдө өскөн, илим-билимге маани берген коомдон гана илимпоздор чыгат. Өзгөчө баланын өсүп жетилүүсүндө эненин билимдүүлүгү, окууга көңүл буруусу жана адеп-ахлагы менен үлгү болуусу өтө маанилүү. Ошондуктан, бул долбоор аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу бүтүндөй коомдун өзгөрүүсүнө чоң салым кошот деп ойлойм. Анткени, Ислам дини адамдын өзүнө, коомго жана Жаратканга болгон мамилесин жакшыртууга, окууга, ойлонууга, жакшылыкка, мекенчилдикке чакырат. Жаман, терс нерселердин баарынан алыс болууну насаат кылат», - деди семинарга Ош шаарынан катышкан Кыргыз-Түрк Манас Университетинин магистранты Адылжан кызы Толгонай.

Балапан уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат


Катышуучулар семинарда теологиялык билимдерин кайталоо,бекемдөө жана учурдагы диний кырдаал жөнүндө жаңы маалыматтарды алуу, өлкөнүн башка аймактарынан келген катышуучулар менен пикир алмашуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Долбоордун кийинки баскычтарында семинарга катышкан айымдар өздөрү жашаган аймактардагы аялдардын диний сабаттуулугун Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасынын негизинде жогорулатышмакчы.



25-07-2018, 10:49 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Август 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top