Кирүү | Катталуу

Акыркы жолу ата-энеңерге жакшы көрөм деп качан айттынар?

Акыркы жолу ата-энеңерге жакшы көрөм деп качан айттынар?
"Ыйман" фондунун "Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагында Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Тангатаров, Токтогул жана Бектемиров атындагы мектеп окуучуларына "Ата-энем менин бактым" аттуу темада тарбиялык жолугушуулар 9,10-11-класстын окуучулар арасында өтүп жатат. Жолугушууда окуучулардын жүрөгүнө ыйман чакыра турган "Ыйман" фонду тарабынан тартылган жана которулган тарбиялык тасмалар коюлууда.

Ысык - Көлдүн имамы диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча курстарды калкка да өтүүнү сунуштоодо

Ысык - Көлдүн имамы  диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча курстарды калкка да өтүүнү сунуштоодо
Ысык-Көл облусунун мечиттеринин биринин имамы Жумабай Абдраев - “Диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча курстарды бир гана дин кызматкерлери үчүн эмес, кыргыз элине да өтүү зарыл”-деди. “Ар бир сабак абдан пайдалуу жана биздин ишти алып барууда актуалдуу. Курсту дин чөйрөсүндөгү теология факультеттеринин лекторлору жана башка эксперттер окутту. Семинарда маанилүү учурлардын бири- диний окуу болду, бирок менин оюмча, убакыт тар. Бизге дин кызматкерлери катары ийне жибине чейин окуу абзел. Анткени, бизде, албетте, чоң жоопкерчилик жатат. Ошондой эле, түшүндүрүү иштери имамдарга гана эмес жалпы элге да өткөрүлүп турса пайдалуу болмок. Анткени, дин маселесинде сабатсыздык, кооптуу тыюу салынган секталарга туш болууга коркунуч туудурат”-деп бир апталык семинардын жабылышында айтты.

«Акын жана инженер» Кыргыз эл акыны Н. Алымбековдун 10 томдук китебинин бет ачары болду

«Акын жана инженер» Кыргыз эл акыны Н. Алымбековдун 10 томдук китебинин бет ачары  болду
Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбековдун «Акын жана инженер» деп аталган 10 томдук китебинин бет ачары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өттү. Акындын бардык чыгармалары топтолгон бул томдуктардын 2 китеби “Ыйык Курандын” кыргыз тилине ыр түрүндө которулганы. Калган бөлүгү автордун өз өмүрүндөгү окуялардан, кадимки жашоодон алынган турмуштук мисалдардан турган проза жана поэзия түрүндөгү чыгармалар. Акындын “Ырдалып бүтпөйт махабат”, “Улуу карышкырлар”, “Аманат жандын азыгы”, “Ыймандан дилим тазарат” аттуу чыгармалары эл арасында белгилүү.

Билим - акылмандыктын ачкычы

Билим - акылмандыктын ачкычы
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду 2016-жыл "Тарых жана маданият" жылына карата "Улуттук маданият, илим жана дин" долбоорунун алкагында "Билим - акылмандыктын ачкычы" аттуу темада аялдар үчүн жер-жерлерде семинарлар өтүүдө.

Ысык-Көл облусунда имамдар билим деңгээлин жогорулатууда

Ысык-Көл облусунда имамдар билим деңгээлин жогорулатууда
2016-жылдын 21-ноябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 111 дин кызматкери катышкан бир жумалык окуу башталды. Бул семинар “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун “Дин кызматкерлеринин потенциалын жана билим деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. 26-ноябрга чейин улана турган бул окууга Ысык-Көл облусунун райондорунан 99 имам ал эми Чүй облусунан 12 имам-хатибдери катышууда.


Кыргыз эл акыны Н. Алымбековдун 10 томдук китебинин ачылышына арналган “Акын жана инженер” поэзия кечеси өтөт

Кыргыз эл акыны Н. Алымбековдун 10 томдук китебинин ачылышына арналган “Акын жана инженер” поэзия кечеси өтөт
24- ноябрында саат 10.30да Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинини жыйналыш залында (2-кабат) Н. Алымбековдун “Акын жана инженер” аттуу 10 томдук китебинин бет ачаары өтөт. Акындын бардык чыгармалары топтолгон бул томдуктардын эки китеби кыргыз тилине ыр түрүндө которулган “Куттуу Куран” болуп саналат.
Калган бөлүгү автордун өз өмүрүндөгү окуялардан, кадимки жашоодон алынган турмуштук мисалдардан турган проза жана поэзия түрүндөгү чыгармалар. Акындын “Ырдалып бүтпөйт махабат”, “Улуу карышкырлар”, “Аманат жандын азыгы”, “Урпактарга улама”, “Ыймандан билим тазарат” ж.б. эмгектери окурмандардын элегине кайрадан сунушталып, жалпы Кыргызстанга белгилүү акын-жазуучулардын, коомдук ишмерлердин ой-пикирлери менен коштолот. Иш-чара “Ыйман жана калем” долбоорунун алкагында “Ыйман” фонду жана Кыргыз Улуттук университети тарабынан өткөрүлмөкчү. Иш-чарага акындын окурмандары менен кошо белгилүү илимпоздор, акын-жазуучулар, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер чакырылды.
Иш-чара Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлөт.

Баткен жергесинде руханий жана акыл инвестициясы долбоору менен

Баткен жергесинде руханий жана акыл инвестициясы долбоору менен
Баткен шаарында жаштарды шыктандыруу максатында "Jashtar Camp - 2016" конференциясы болду. Ага катышкан "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков “Ыйман” фондунун “Интелектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында "Бирөө гана" аттуу темада жаштарга семинар өттү. Семинарда Кадырбеков: "Азыркы учурда баарыбыз сырткы көрүнүшүбүзгө аябай кам көрөбүз, жакшы кийимдерди алабыз, жасанабыз, сулууланабыз. Ал эми биз ушинтип жан дүйнөбүзгө кам көрдүкпү?”, - деген суроо менен кайрылды. Ал: “Качан гана илим менен ыйман айкалышканда гана кыргыз коомчулугу чындап өнүгөт. Ошондуктан, биздин сиздерден суранаарыбыз, илим алуу менен кошод жан дүйнөбүздү да байыталы, “ – деп белгиледи. Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолду.

"Ыйман" фонду кезектеги семинарга чакырат

"Ыйман" фонду кезектеги семинарга чакырат
“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду "Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагында кезектеги семинарын өткөзүүнү пландоодо. Семинардын коногу: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Этностук, диний саясат жана коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Санжарбек Тажиматов.

“Жан дүйнө үчүн” Конфуцийдин китебинин котормосунун бет ачаары болду

“Жан дүйнө үчүн” Конфуцийдин китебинин котормосунун бет ачаары болду
КРнын Президенттин алдындагы башкаруу академиясында “Кун-Фу-Зы” (Конфуций) китебинин бет ачаары болду. Бул китепти кыргыз тилине белгилуу журналист жана публицист Эрнис Асек уулу которгон.
Иш чарага студенттер, академик жана профессорлор Б.Мурзубраимов, Т.Чоротегин, Ж.Бокошев, У.Култаев, акын Н.Алымбеков жана К.Бакиров, ошондой эле президенттик аппараттын, “Руханият” фондунун, “Инсандык өнүгүү” бирикмесинин өкүлдөрү конок болушту.

Ысык-Көлдө өспүрүмдөр менен иштешүү инспекторлору жана ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн зомбулук экстремизм жана радикализмдин алдын алуу боюнча семинар өттү.

Ысык-Көлдө өспүрүмдөр менен иштешүү инспекторлору жана ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн  зомбулук экстремизм жана радикализмдин алдын алуу боюнча  семинар өттү.
«Ыйман» фонду тарабынан “Коопсуздук жана руханият” долбоорунун алкагында, ОБСЕнин Бишкектеги борбору менен биргеликте семинар уюшулуп, анда жарандардын руханий-идеологиялык коопсуздугун бекемдөө жана алардын зомбулук көрсөткөн экстремизм менен радикализмге каршы күрөшүүдөгү маселелерге катышуусу боюнча сөз болду.


«Ыйман» Фонду “Кун Фу Зы" китебинин бет ачаарына чакырат.

«Ыйман»  Фонду “Кун Фу Зы" китебинин бет ачаарына чакырат.
“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду “Калем жана Ыйман” долбоорунун алкагында кыргыз тилине которулган “Кун Фу Зы” (Конфуций) китебинин бет ачаарына чакырат. Китепте Конфуцийдин өмүр таржымалы кыскача берилип, адамгерчилик, айкөлдүк, бийлик, салт-санаа, нарк-насил, илим-билим, ажал, достук, милдет, маданият, тарых ж.б. тууралуу айткан айрым накыл кептери, орошон ойлору камтылган бул китеп - адамдын акыл сересинин бийиктигине жетелейт. Көркөм жана жатык тил менен эркин кыргызчаланган бул эмгек - терең мааниси, кызыктуу мазмуну менен окурмандарды өзүнө тартып, жан дүйнөсүнө күл азык болот. Китептин түзүүчүсү публицист жана журналсит Эрнис Асек уулу.
15-ноябрь саат 14.00дө КРнын Президентине караштуу башкаруу академиясынын жыйындар залында.

Имамдарды окутуунун экинчи этабы башталды

Имамдарды окутуунун экинчи этабы башталды
«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте “Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында имамдарды окутуунун экинчи этабын баштады. Семинар 30.10.2016-5.11.2016 аралыгында ОшМУнун теология факультетинде өтүп, Ош облусунун райондорунан 135 имам катышты.

"Ыйман" фонду Баткен областынын окуучулары үчүн бир апта бою тренинг-семинарларды өткөрдү

"Ыйман" фонду Баткен областынын окуучулары үчүн бир апта бою тренинг-семинарларды өткөрдү
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду “Дисковери” окуу борбору менен биргеликте бир жума, 24-29 октябрь аралыгында Баткен областынын Лейлек районунун Башкент, Жаңы-Жер, Кулунду, Тогуз-Булак айыл аймактарында, Сүлүктү шаарынын мектептеринде "Тайм-менеджмент", "Кесип жана университет тандоо" жана "Чет өлкөгө окууга тапшыруунун жолдору" аттуу семинар-тернингдерди өткөрдү.

"Исламдагы аялдын ролу жана орду" - айымдар үчүн семинар

"Исламдагы аялдын ролу жана орду" - айымдар үчүн семинар
“2016-жыл Тарых жана маданият» жылына карата "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун "Улуттук маданият, илим жана руханият" долбоорунун алкагында Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарында "Исламдагы аялдын ролу жана орду" темасында атайын аялдар үчүн семинарлар уюштурулуп, өткөрүлдү.

"Ыйман" фонду жалпы өлкө боюнча мектептерде жолугушууларды уюштуруп баштады

"Ыйман" фонду жалпы өлкө боюнча мектептерде жолугушууларды уюштуруп баштады
"Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагында "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду жогорку класстын окуучулары менен биргеликте жолугушууларды өткөрүп баштады. Мындай жолугушуулардын максаты экстремизмге жана радикализмге каршы альтернативдүү идеология тартуулоо.

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top