Кирүү | Катталуу

Диний маданиятты өнүктүрүү “Ыйман” фондунун жетекчиси “Элистан” балалык борборуна барып келди

Диний маданиятты өнүктүрүү “Ыйман” фондунун жетекчиси “Элистан” балалык борборуна барып келди
Жаңы окуу жылдын башталышына карата диний маданиятты өнүктүрүү “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков “Элистан” балалык борборуна барып келди.

“Ыйман” фонду ыктыярчылар тобун түзөт

“Ыйман” фонду ыктыярчылар тобун түзөт
“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду 2016-2017 окуу жылына “ыктыярчылар” (волонтердук топ) тобун түзүүнү өз планына киргизди. Ыктыярчы топтун негизинде “Ыйман” фонду коомго көбүрөөк пайда алып келет жана диний маданиятты өнүктүрүүдө дагы да алгылыктуу иш алып барат деген ишеничтебиз.

“Калем жана ыйман” жыйнагынын экинчи китеби жарык көрдү

“Калем жана ыйман” жыйнагынын экинчи китеби жарык көрдү
“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун “Калем жана ыйман” долбоорунун алкагында, Тарых жана маданият жылына карата “Калем жана ыйман” жыйнагынын экинчи китеби жарык көрдү.

Дин кызматкерлер билимин өркүндөтүүнү улантууда

Дин кызматкерлер билимин өркүндөтүүнү улантууда
2016-жылдын 11 июлунда Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Араван районунун дин кызматкерлери үчүн семинар башталды. Бул семинар “Ыйман” диний маданиятты өнүкүрүү фонду тарабынан “Дин кызматкерлеринин потенциалын жана билим деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында буга чейин “Ыйман” фондунун окутуу курсунан өтпөгөн имамдар үчүн өткөрүлүүдө.

Социалдык роликтер, аудиоматериалдар жана адабий тексттердин конкурсу

Социалдык роликтер, аудиоматериалдар жана адабий тексттердин конкурсу
“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду Тарых жана маданият жылына карата “Медиа мейкиндик” долбоорунун алкагында төмөнкү конкурстарды жарыялайт:

- видео-конкурс “Бир кадрдагы өмүр 2” (социалдык видеороликтер)
- аудио-конкурс “Жан дүйнө жаңырыгы” (аңгеме, ырларды көркөм окуу, автордук термелер, автордук дастандар)
- адабий конкурс “Жан дүйнө жана калем” (эссе, аңгеме, ыр).

Ошто “Ыйман” фонду жана ЕККУнун Бишкектеги борбору милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө семинар өткөрүштү

Ошто “Ыйман” фонду жана ЕККУнун Бишкектеги борбору милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө семинар өткөрүштү
2016-жылдын 22-23-июньда Ош шаарында милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө “Заманбап дүйнөдөгү Ислам” атуу семинар өткөрүлдү.

Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди

Рамазан Чатыры 300 адамды бириктирди
2016-жылдын 20-июнь күнү “Рамазан Чатыры 2016”нын ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чара “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана “Умма” журналы тарабынан Тарых жана маданият жылына жана ошондой эле Ыйык Рамазан айына карата уюштурулду.

Аскерлерге ооз ачыруу (ифтар) жана маданият кечеси өткөрүлдү

Аскерлерге ооз ачыруу (ифтар) жана маданият кечеси өткөрүлдү
10-июнь 2016-жыл. Тарых жана маданият жылына жана ошондой эле ыйык Рамазан айына карата “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду аскерлер үчүн маданият кечесин жана ифтар (ооз ачыруу) уюштурду. Бул иш-чаралар Бишкек жана Ош шаарларында, имамдар жана маданият ишмерлеринин катышуусу менен өткөрүлдү.

Ош шаарында жаш ишкерлер үчүн семинар болуп өттү

Ош шаарында жаш ишкерлер үчүн семинар болуп өттү
10-июнь 2016-жыл. “Кыргыз Концепттин” президенти Эмил Уметалиевдин катышуусу менен Ош шаарында жаш ишкерлер жаша активисттер үчүн “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү.

Кыргыз делегациясы Берлиндеги ЕККУнун терроризмге каршы күрөшүү боюнча уюштурулган конференцияга катышты

Кыргыз делегациясы Берлиндеги ЕККУнун терроризмге каршы күрөшүү боюнча уюштурулган конференцияга катышты
2016-жылдын 31-май жана 1-июнь күндөрү ЕККУнун Бишкектеги борборунун эл аралык экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн жардамы менен Германиянын Берлин шаарында өткөн “Терроризмге алып келген зордук-зомбулук, экстремизм жана радикализмди алдын алуу жана каршы күрөшүү” аттуу конференцияга Кыргызстандан барган делегация катышты.

Ошто аялдар үчүн "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" түшүндүрүлдү

Ошто аялдар үчүн "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" түшүндүрүлдү
2016-жылдын 31-май күнү Ош шаарындагы "Семетей" кинотеатрында 400 аялдын катышуусунда "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “Улуттук маданият, билим берүү жана руханият” долбоорунун алкагында "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" темасында семинар болуп өттү.

Жалал-Абадта имамдар үчүн семинар болуп өттү

Жалал-Абадта имамдар үчүн семинар болуп өттү
Жалал-Абад шаарында “Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу” аттуу мечит имамдары үчүн семинарлар өттү. Биринчи семинар 2-13-май аралыгында өтүп, анда Талас облусунун 120 имамы катышты.

Экинчи семинар ошол эле жерде 14-24-май аралыгында өттү, жана анда Ош облусунун Өзгөн, Карасуу райондорунун жана Жалал-Абад менен Талас облусунун имамдары катышты. Экинчи бөлүмдө 114 имам катышып, анын 110 сынактан өттү.

"Жаш акындардын айтышына баракелде"!

"Жаш акындардын айтышына баракелде"!
2016-жылдын 23-майында Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду уюштурган жаш акындардын айтышы болуп өттү.

“Ыйман” фонду Тарых жана маданият жылына карата өлкө аймагы боюнча төкмө акындардын турнесин өткөрүүдө

“Ыйман” фонду Тарых жана маданият жылына карата өлкө аймагы боюнча төкмө акындардын турнесин өткөрүүдө
2016-жылдын 23-майында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жаш төкмө акындардын Кыргызстан боюнча турнесин баштайт.

Төкмө акындар Баткен облусунун жаштары менен жолугушту

Төкмө акындар Баткен облусунун жаштары менен жолугушту
2016-жыл “Тарых жана маданият” жылына карата «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду “Улуттук маданият, билим берүү жана руханият” долбоорунун алкагында Баткен облусунда, жаштар үчүн бийик адеп-ыймандык жаңы багыттарды көргөзүү, жаштардын улуттук аң-сезимин, мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу максатында белгилүү төкмө акын жана аткаруучулар Калыбек Турганов ,Тынчтык Эсенбай уулу менен жаштардын жолугушуулары уюштурулду.

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top