Кирүү | Катталуу

2018-жылдын Март айында жасалган иштер

2018-жылдын Март айында жасалган иштер
26.02-03.03.2018 - Жалал-Абад шаарында “Дин кызматкерлеринин кесиптик дараметин жогорулатуу” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун имамдары үчүн бир жумалык окуу уюштурулду;


01.03.2018 - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери менен фонд төрагасы Нуржигит Кадырбековдун жолугушуусу болду;


01.03.2018 - International Alert уюмунун Лондондон келген өкүлдөрү менен биргеликте дин тармагындагы эксперттердин жумушчу тобунун жыйыны өткөрүлдү;


01.03.2018 – Баткен шаары БатМУ, Баткен аймактык колледжинде, Жаңы жол айылында “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду менен биргеликте семинар, фильмдердин, китептердин жана insan.kg сайтынын жана insan media каналынын презентациясы.


02.03.2018 - НТС телеканалындагы “Ар тарап” телеберүүсүндөгү аялдардын радикалдашуусу боюнча ток-шоуга фонддун төрагасы Н. Кадырбеков катышты;


02.03.2018 – Кадамжай ш., “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду менен биргеликте семинар, фильмдердин, китептердин жана insan.kg сайтынын жана insan media каналынын презентациясы. Спикерлер: Улан Үсөйүн, Оморова Замира, , Рахманкулов Бахрам, Атамкулов Аязбек, Жолболдуева Гульнара;


03-04.03.18 – Ош ш., Теология факультети менен биргеликте “Китеп camp” китеп окуу лагери өттү.
Спикер: Аязбек Атамкулов, Самаган Мырзаибаримов;


05.03.2018 - Кара-Балта шаарында “Региондорду өнүктүрүү жылына” карата Жайыл райондук бийлиги жана башкы имамы менен биргеликте “Ынтымак жана билим” семинары өткөрүлдү;


12.03.2018 - "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен жолугушуп, аялдарга дин негиздерин үйрөтүү боюнча бирдиктүү иш алып баруу боюнча макулдашты;


13-14.03.2018 - “Региондорду өнүктүрүү жылына” карата Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата жана Кара-Көл шаарларында “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында жергиликтүү тургундар жана жаштар үчүн “Адеп державасы” аталышындагы семинар өткөрүлдү жана “Унутулган салт” фильминин бет ачары болду;


15.03.2018 - НТС каналынын “Ар тарап” телеберүүсүндө диний жагдайдагы маселелерди талкуулаган ток-шоуга фонддун төрагасы Н. Кадырбеков катышты;


17-18.03.18 – Ош мамлекеттик университетинде “Шанс” китеп дүкөнү жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгы менен биргеликте эки күндүк “Китеп camp” китеп жарманкеси болду. Спикер коноктор: Нуркыз Кадырбек кызы, Куштарбек Кимсанов, Акмарал Сатинбаева, Артур Эсенкулов;


17.03.2018 - Фонддун төрагасы “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында И. Арабаев атындагы КМУда “Китеп TIME” мелдешинин катышуучуларына “Адеп державасы” аталышындагы семинар өттү;


20.03.2018 - “Эксперимент”, “Агайдын кол кабы”, “Шанс” кыска метраждуу фильмдери жана “Интернетке ишенбе” социалдык ролиги тартылды;


20.03.2018 – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Педагогика факультетинин студенттерине фонд төрагасы Нуржигит Кадырбековдун “Кыз абийири кымбат” аталышындагы семинары өттү;

23.03.2018 - Азия ТВ каналынын “Ыйман сабагы” телеберүүсүндө фонддун төрагасынын маеги болду;

24.03.18 – Ош облустук китепканасы менен бирге “Китепкөй улут” акциясы өттү.
Спикер: А.Атамкулов, темасы: “Гений жана тентек” китебинин презентациясы;


26.03.2018 - Ош облусунан келген мектеп окуучулары менен фонддун төрагасынын кесип тандоо жана адеп баалуулуктары тууралуу баарлашуусу болду;


26-31.02.2018 - Чолпон-Ата шаарында “Дин кызматкерлеринин кесиптик дараметин жогорулатуу” долбоорунун Ысык-Көл жана Нарын облусунун имамдары үчүн семинар уюштурулду;

26-30.03.18 – “Жаш ниет” коомдук фонду менен бирге фонд жөнүндө, фонддун китептери, фильмдери жана сайттары тууралуу презентациялар өттү.


27.03.2018 - Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков менен Түркиянын ТИКА уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Али Муслунун иштиктүү жолугушуусу болуп өттү;

27.03.2018 - “Кут билим” жана “Адеп жомоктору” китептери редакцияланып, басууга берилди;

28.03.2018 – “Жеңилдетилген хадис терминдери” китеби экинчи ирээт басмадан чыкты;

28 -29.03.2018. “Ыйман” фонду International Alert уюму менен биргеликте Каракол жана Нарын шаарларында “Дин жана улуттук маданият” темасында жаштар менен талкуусу өттү;

30.03.2018 - Шериктештер менен биргеликте таризделген Кыргызстандагы диний багыттагы көйгөйлөрдү алдын алуу боюнча жыйыны болду;

31.03.18 – Сузак району, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн “Кара-Дарыя жаштары” коому менен биргеликте айыл тургундарына фонд жөнүндө, фонддун китептери, фильмдери жана сайттары тууралуу презентациялар болду жана “21 900”, “Акыл эмгегинин маданияты” аттуу семинарлар болду.
Спикерлер: Г.Мадаминов, А.Атамкулов;


31.03.18 – Ош облустук китепканасы менен бирге “Китепкөй улут” акциясы өттү. Спикер: Насыйкат Исмаилова.


31.03.2018 - Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков Борбор Азиядагы Америка университетинде "B&S" компаниясы уюштурган "Бизнес жана коом" аталышындагы форумда “Адеп державасы” деген темада семинар өттү.

31.03.2018 - И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде коомдук жайларда түкүрүнүү, таштанды таштоо жана уят сөз сүйлөө сыяктуу терс көрүнүштөрдөн арылтууга багытталган “Мекенибиз жүзүбүз!” акциясы өттү.

31.03.2018 - Insan.kg порталына март айында ар кыл темадагы 40 макала жарыяланды.
To Top