Кирүү | Катталуу

Тил жоголсо - эл жоголот!

Тил жоголсо - эл жоголот!

"Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков 21-февраль - эл аралык Эне тил күнүнө карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында өткөн иш-чарага катышты.

"Китеп оку деген айфон чыгар деген нерсе эмес"

"Китеп оку деген айфон чыгар деген нерсе эмес"
"Китепкөй улут", "китепкөй мамлекетти" куруу реалдуу кыял! Китеп оку деген айфон чыгар, космоско уч деген нерсе эмес.

"Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө район тургундары арасында "Окубаган адам келечектин куруучусу боло албайт" аталышындагы китеп окуу сынагына катышты.

Сынак Ч. Айтматовдун Жамийла повести жана Кыямат романынын негизинде өтүп, ага 400гө жакын окуучу катышты.

Иш-чараны учурда Бишкек шаарында билим алып жаткан район жаштары уюштурду.

Ысырапкорчулукту азайтуу

Ысырапкорчулукту азайтуу
"Азыркы той, мааракелерде өз районун мактоо, даңазалоо эле болуп жатат. Муну менен өлкөнү бириктиребизби же бөлүп жатабызбы - бул чоң суроо. 100 тойго кеткен акчага 100 улан-кызды дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде окутсак стратегиялык жеңиш болмок"

Нуржигит Кадырбеков Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылында ысырапкорчулукту азайтууга арналган айыл тургундарынын жыйынына катышты.

"Китепкөй улут" кербенин улай

"Китепкөй улут" кербенин улай
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун "Китепкөй улут" долбоорунун алкагында "Китеп САМР" аталышындагы китеп окуу лагери болуп өттү. Лагердин жүрүшүндө китеп окуу сааттары, семинарлар, кофе-брейк жана пайдалуу тасмалар орун алды. Лагердин кезектеги коноктору: "Youth of osh " коомдук бирикмесинин программалык менеджери Медербек Абдрахманов жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов социалдык проект жазуу боюнча ой бөлүштү.

Ким мекенчил?

Ким мекенчил?
Ким мекенчил?
Манас атам — улуу мекенчил. Анткени анын күрөшү эч кимге асылбаган, бирок катылгандын катыгын берген адилеттүүлүккө негизделген. Анын жүрөгүндөгү сүйүү жек көрүү менен кектен алда канча күчтүү болгон. Эл-жеринин даңазасын арттырган Дүйшөнкул менен Чолпонбай аталарыбыз мекенчил. Кылыч менен эмес, калем менен дүйнөнү багындырган Чыңгыз атабыз мекенчил. Кыштын кыраан чилдесинде элибизге китеп окутабыз деп айылдарды аралап, адамдардын эшигин каккылап жүргөн Ак-Талаа менен Тогуз-Торо жаштары мекенчил.

"Ынтымак-дилдердин жакындашы, жүрөктөрдүн жылышы, баштардын биригиши"

"Ынтымак-дилдердин жакындашы, жүрөктөрдүн жылышы, баштардын биригиши"
"Ырыс алды — ынтымак" деген бадырайган жазууну миң көрнөккө илдирип, жыйналыштарда "бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы" деп бакылдоо менен эле ынтымак келе калбайт. Ал дилдердин жакындашы, жан дүйнөлөрдүн жаркышы, жүрөктөрдүн жылышы жана баштардын биригиши менен келет.

Нуржигит Кадырбеков Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугуп, "ынтымак, ысырапкорчулукту азайтуу жана китеп окуу маданиятын жайылтуу" тууралуу баян кылды.

"Биз өзүбүздүн балдарыбызды өзүбүз тарбиялабасак өзгөлөр башкача тарбиялайт"

"Биз өзүбүздүн балдарыбызды өзүбүз тарбиялабасак өзгөлөр башкача тарбиялайт"
Педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев жана "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Нарын районунун 8-март айылынын тургундары жана мектеп окуучулары менен жолугушту.

"Мугалимдик кесиптердин төрөсү"

"Мугалимдик кесиптердин төрөсү"
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун "Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагында сөз жөнүндө сөз, алиппе, адабий окуу, 3-класстын кыргыз тил жана башка китептердин автору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сулайман Рысбаев менен Ош Гуманитардык Педагогикалык институтунун мугалимдери жана студенттеринин жолугушуусун өткөрдү.

Кыргыз армиясы курал кармаганды гана эмес, китеп окууну да үйрөтөт

Кыргыз армиясы курал кармаганды гана эмес, китеп окууну да үйрөтөт
“Ыйман” фонду "Шанс" китеп дүкөнү менен биргеликте "Китепкөй улут" долбоорунун алкагындагы кезектеги "Китеп-CAMP" китеп окуу лагерин өткөрдү.

Бул сапар китеп лагердин катышуучулары Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматына караштуу Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери болду.

Бир күндүк китеп лагерде жоокерлер кызыктырган китептерин окуп, окуган китептеринен алган таасирлери менен бөлүштү.

"Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун жана "Шанс" китеп дүкөнүнүн жетекчиси Сүйүн Калчаев катышуучуларга семинар өттү.

Ошондой эле жоокерлерге интеллектуалдык оюндар болуп, тарбиялык тасма да көрсөтүлдү.

"Китепкөй улут" уланат

"Китепкөй улут" уланат
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду "Китепкөй улут" долбоорунун алкагында өткөрүп жаткан “Китеп camp” эки күндүк китеп окуу лагери Ош шаарында кайрадан уланууда.
Лагердин кезектеги коногу коомдук ишмер, тележурналист “Билерман ордо” интеллектуалдык оюнунун негиздөөчүсү Талантбек Канатбек уулу болуп, китеп окуунун пайдалары, коомдо өзүн алып жүрүү эрежелери жана чечендик өнөрү жөнүндө ой бөлүштү. Лагердин жүрүшүндө китеп окуу сааттары, интеллектуалдык оюндар, китеп талкуу жана кофе-брейк орун алды. Иш-чарага жалпысынан студенттер жана ата-энелер дагы катышты.

"Ала кушту атынан ата". Террорист — бул террорист, экстремист — бул экстремист

"Ала кушту атынан ата". Террорист — бул террорист, экстремист — бул экстремист
Кыргызда "Ала кушту атынан ата" деген сөз бар. Террорист — бул террорист, экстремист — бул экстремист. Алардын шейиттикке, мыйзамдуу, адилеттүү согушка жана адамдарды боорукерликке, кайрымдуулукка, кечиримдүүлүккө, бейпилдикке чакырган динге эч кандай тиешеси жок"-деген "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Борбордук аппаратынын офицерлери менен "Мамлекет жана дин" деген темада маек курду.

ПРОГРАММНЫЙ ОТЧЕТ 2015-2018

ПРОГРАММНЫЙ ОТЧЕТ 2015-2018
ПРОГРАММНЫЙ ОТЧЕТ
2015-2018 Управлению по делам религии Турецкой Республики

Бата алуу – бул бирөөнүн сага алакан жайып, ак тилек айтышы эле эмес. Бата алуу — бул адамдын жүрөгүн жылытуу.

Бата алуу – бул бирөөнүн сага алакан жайып, ак тилек айтышы эле эмес. Бата алуу — бул адамдын жүрөгүн жылытуу.
"Ыйман" фондуну төрагасы Нуржигит Кадырбеков Ноокен районунун Рахманжан айылынын мектеп окуучулары менен жолугушту. Семинарда Кадырбеков окуучулар менен бир катар темада баарылашып, кызыккан суроолоруна жооп берди.

Бата алуу – бул бирөөнүн сага алакан жайып, ак тилек айтышы эле эмес. Бата алуу — бул адамдын жүрөгүн жылытуу.

Бата алуу – бул бирөөнүн сага алакан жайып, ак тилек айтышы эле эмес. Бата алуу — бул адамдын жүрөгүн жылытуу.

Тойлор да болуп турсун, ылайым. Бирок ар бир иште аша чабуу жарабайт

Тойлор да болуп турсун, ылайым. Бирок ар бир иште аша чабуу жарабайт
Нуржигит Кадырбеков Ноокен районунун Рахманжан айылында "ысырапкерчиликти азайтуу" темасына арналган талкууга катышты.

Тойлор да болуп турсун, ылайым. Бирок ар бир иште аша чабуу жарабайт

Тойлор да болуп турсун, ылайым. Бирок ар бир иште аша чабуу жарабайт

Тойлор да болуп турсун, ылайым. Бирок ар бир иште аша чабуу жарабайт

Тойлор да болуп турсун, ылайым. Бирок ар бир иште аша чабуу жарабайт

Тойлор да болуп турсун, ылайым. Бирок ар бир иште аша чабуу жарабайт

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Март 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top