Кирүү | Катталуу

Аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбооруна катышуучу насаатчы айымдарды каттоо башталды

Аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбооруна катышуучу насаатчы айымдарды каттоо башталды

«Ыйман» фонду аймактардагы аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу өлкөдөгү экстремисттик жана радикалдык агымдарга бөгөт коюу, элдин арасында биримдикти сактоо, үй-бүлө институтун бекемдөө жана адеп-ахлактуу жарандардын тарбиялануусуна салым кошуу максатында «Эне аман – бала аман, эл аман» долбоорун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) менен биргеликте уюштурууда.

Долбоор тренер айымдарга тренинг уюштуруу жана алардын аймактардагы атайын макулдашылган коомдук жайларда аялдарга диний билим берүүсү менен ишке ашат.

Долбоордун алкагында даярдалуучу тренерликке талапкер айымдардыкатталууга чакырабыз.

Тренерликке талапкер айымдардан катталуу үчүн талап кылынган документтер:

• Паспорт (ID)
• Мамлекеттик үлгүдөгү диплом. (Диплом теология факультетин бүтүргөндүгүн же светтик жогорку билимиy жана КМДБ нын каттоосундагы диний билим берүүчү мекемелердин бирин бүтүргөндүгүн тастыктоосу керек.)

Тиркемедеги каттоо формасын толтуруп, талап кылынган документтерди сканерлеп PDF түрүндө yiman.aod@gmail.com дарегине же көчүрмөсүн Бишкек шаары, Эркиндик 56 дарегине жиберүү зарыл.

Катталгандардын ичинен тандалган айымдарга июль айында тренинг уюштурулат.

Каттоо үчүн акыркы күн: 31-май, 2018-жыл.

Эскертүү: Форманы толугу менен толтурбагандар жана талап кылынган документтерин жибербегендер каттоого алынбайт.

Байланыш үчүн: Турдугүл Өкөнбаева,okonbaevaturdugul@gmail.com; 0774556133; 0704113412.


yyman2018.pdf [702.77 Kb] (cкачиваний: 44)

8-05-2018, 09:18 | Категория - Редакциянын тандоосу |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Май 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top