Кирүү | Катталуу

Аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбооруна тренер айымдарды окутуучу мугалимдерди конкурска катышууга чакырабыз

Аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбооруна тренер айымдарды окутуучу мугалимдерди конкурска катышууга чакырабыз

«Ыйман» фонду аймактардагы аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу өлкөдөгү экстремисттик жана радикалдык агымдарга бөгөт коюу, элдин арасында биримдикти сактоо, үй-бүлө институтун бекемдөө жана адеп-ахлактуу жарандардын тарбиялануусуна салым кошуу максатында «Эне аман – бала аман, эл аман» долбоорун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) менен биргеликте уюштурууда.

Долбоор тренер айымдарга тренинг уюштуруу жана алардын аймактардагы атайын макулдашылган коомдук жайларда аялдарга диний билим берүүсү менен ишке ашат.

Долбоордун алкагында тренер айымдарды окутуучу мугалимдерди конкурска катышууга чакырабыз. Тренингде окутуулучу предметтер:

1. Акыйда.
2. Хадис.
3. Фикх/ Ислам укугу.
4. Пайгамбар Мухаммед (с.а.в.)дын өмүр баяны.
5. Диндер тарыхына киришүү. Кыргызстандагы диний агымдар. (Ислам мазхабтары жана башка диндердеги агымдар. Кыргызстандагы диний жамааттар.)
6. Экстремизмдин укуктук аныктамасы жана экстремистик агымдар.
7. Мамлекет, жаран жана дин. (Дин кызматкеринин юридикалык укуктары жана милдеттери. Диний толеранттуулук.)
8. Улуттук маданият жана дин.
9. Инсан, коом жана дин. (Дин психологиясы; Дин социологиясы;Дин педагогикасы.)
10. Дин кызматкеринин адеп-ахлагы.

Коюлган талаптар жана керектүү документтер:

• Мамлекеттик үлгүдөгү диплом(Диний жана светтик);
• Окумуштуулук даража;
• 5 жылдан кем эмес окутуучулуктажрыйба;
• Резюме;
• Өлкөбүздөгү аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу тууралуу пикириңиз. (1 беттен ашык эмес)

Керектүү документтер yiman.aod@gmail.com дарегине же Бишкек шаары, Эркиндик, 56 дарегине жиберилүүсү керек.

Конкурстан тандалган мугалимдер аймактарга жиберилүүчү айымдарга июль айында тренинг өтүшөт.
Конкурска катталуу үчүн акыркы күн: 10-июнь, 2018-жыл.

Байланыш үчүн: Турдугүл Өкөнбаева,okonbaevaturdugul@gmail.com; 0774556133; 0703113412.



1-06-2018, 16:06 | Категория - Редакциянын тандоосу |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Июнь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top